Окуучуларга стипендия

pic
Окуучуларга  стипендия

“Окуу-билим азыгы, билим-ырыс казыгы” деп накыл сөздө айтылгандай, биз билимдүү, ар тараптан жетишкен жаштарды өлкөбүздүн жаркын келечеги деп билебиз.
Анын сыңары, биз Нарын облусундагы Абылкасым Жутакеев атындагы мектептин мыкты окуучуларына акчалай колдоо көрсөттүк.
9000 сом өлчөмүндөгү акчалай колдоо 9-10 жана 11 класстын үч окуучусуна:Таалайбек кызы Акылайга, Эркинбек кызы Адинайга жана Алмазбек уулу Каниетке окуудагы мыкты жетишкендиктери, мектеп олимпиадаларына жана мектептин күндөлүк турмушуна жигердүү катышкандыгы үчүн тапшырылды. "Акун" компаниясы тарабынан жыл сайын жылдын мыкты окуучуларына стипендия катары берилип келет.

← Вернуться к списку статей