“Жаш толкун 2021” поэзия сынагы өз ишин жыйынтыктады!!!

pic
“Жаш толкун 2021” поэзия сынагы өз ишин жыйынтыктады!!!

Ч.Турсунбеков атындагы фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен Кыргыз поэзиясынын тарыхында алгачкы жолу жаш акындардын даражасын көтөргөн, байге фонду 200.000 (эки жүз миң) сомду түзгөн, кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде 3 күндүк эс алуу, мастер класстар менен коштолгон поэзия сынагы өткөрүлдү!

Кеп башынан болсун, жалпы жолунан “Жаш толкун 2021” адабий сынагына 300дөн ашуун жаш акындар катышуу ниетин билдирип, алардын ичинен 125 жаш калемгердин эмгеги конкурстун жобосуна дал келип, дал ошол 125 жаш акындын ырлары номерлөө аркылуу (аты-жөнү аталбай) калыстар тобуна тапшырылып, алардын ичинен эң мыкты деп эсептелинген 20 жаш акын тандалып алынып, үстүбүздөгү жылдын 2-августунда Бишкек шаарындагы Орион отелинде сыйланышты.

Алар:

1. Максат Жангазиев

2. Ырысгүл Изатова

3. Акбар Кубанычбеков

4. Мырзайым Айтимбетова

5. Бердибек Жамгырчиев

6. Улукбек Омокеев

7. Жаннат Сабырбекова

8. Камчыбек Узакбай уулу

9. Деңизбек Орозбай уулу

10. Садырбек Турдубек уулу

11. Болот Мамбетисаев

12. Динара Шайдилла кызы

13. Дүйшөн Бектемир уулу

14. Бегайым Нурлан кызы

15. Самаган Молдояров

16. Мелис Маматжанов

17. Замир Орозбай уулу

18. Шайырбек Тагаев

19. Жамин Колбаев

20. Сезим Толукбаева

“Жаш толкун 2021” поэзия конкурсунун алгачкы этабында Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов калыстар тобуна төрагалык кылып, комиссия мүчөлөрү Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нурлан Калыбеков, акын, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жыпара Исабаева, КР Жогорку Кеңешинин басыма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Курманбек Рысбаевдер калыстык кылышса, конкурстун экинчи этабында төрага Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун ден-соолугуна байланыштуу катыша албай калгандыгынан улам, төрагалык милдет калыстар тобунун сунушу жана бир добуштан колдоосу менен Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегинге жүктөлдү жана фонддун сунушу менен комиссиясынын мүчөлүгүнө филология илимдеринин доктору Абдыкалык Дунганаев кошулду.

Конкурстун экинчи туру кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгиндеги Акун пансионатында өтүп, дал ушул 20 акын өздөрүнүн ырларын көркөм окуп берип, 3 күн бою акын-жазуучулардын насааттарын угуп, мастер-класстарга катышышты.

Мындан сырткары Кыргыз Эл жазуучусу Мелис Абакиров, Кыргыз Эл акындары Сагын Акматбекова, Тазагүл Закирова, Карбалас Бакиров, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Атантай Акбаров, акын жана журналист Атахан Кожогуловдор сынактын ардактуу меймандары болушту.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөндөгү жаш акындар байгелүү орундарга ээ болушту:

Баш байге (Ч.Турсунбеков атындагы адабий сыйлык жана 100.000 (жүз миң) сом) - Бердибек Жамгырчиев

I орун (Атайын диплом жана 50.000 элүү миң сом) - Мелис Маматжанов

II орун (Атайын диплом жана 30.000 отуз миң сом) – Акбар Кубанычбеков

III орун (Атайын диплом жана 20.000 жыйырма миң сом) – Максат Жангазиев

“Калыстар тобунун атайын диплому” жана 10.000 (он миң сом) акчалай сыйлыгы менен Мырзайым Айтимбетова,

“Көрүүчүлөрдүн арзуусу” номинациясы жана 10.000 (он миң сом) акчалай сыйлыгы менен менен 3 акын Садырбек Турдубек уулу, Жаннат Сабырбекова, Деңизбек Орозбай уулу сыйланышты.

Фонддун түптөөчүсү, Чыныбай Акуновичтин жубайы Тентимишова Нуржан Давлетбековна “Жаш толкун 2021” поэзия конкурсун жыйынтыктап жатып, акын, коомдук ишмер, илимпоз, ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун акындык өнөрү аны бийиктикке алып чыкканын баса белгилеп, аталган конкурс дагы да кулачын кенен жаярын, жыл сайын өткөрүлүп турарын айтты.

← Вернуться к списку новостей