Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган "Жылдыздуу жээк" адабий кечеси өттү

pic
Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган

Опоосуз дүйнөнү, тагдырдын таш боордугун караңыздар. Чыныбай Турсунбековдун китептер циклын 60 жаш мааракесине даярдап чыгарууну максаттап, автор менен бирдикте камылга көрүлүп жаткан... Аңгыча таажывирус алааматы каптады... Көз ачып жумгуча кыргыздын көздөй болгон азаматы Турсунбеков Чыныбай Акуновичти о дүйнөгө жула качып - жер муштап олтуруп калдык... Натыйжада 60 жаш маараке минтип эскерүү расмисинде, ыр томдугу эскерүү маанайындагы китепке айланып отурат.....

Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Чыныбай Турсунбековдун санаалаштары, кесиптештери, калемдештери асыл сапаттарын белгилеп, кайсыл тармак болбосун алга сүрөп, элине ак кызмат кылганын, чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн атап, өзү өтсө да анын экинчи өмүрүн ырларында уланаарын арман кылып эскеришти...

 

Кечеде Чыныбай Турсунбековдун “Жылдыздуу жээк” поэтикалык ырлар жыйнаганынын, “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” аттуу эскерүү китебинин, “XX-кылымдагы түрк дүйнөсунүн адабияты” китебинин бет ачары жана Чыныбай Турсунбековдун калемине тааныдык поезия ырлары окулуп, обондуу ырлары ырдалып, театрлаштырылган концерттик программа менен коштолду. Жалпы колдоо көргөзүп, убакыт бөлүп биздин кечеде бирге болгон замандаштарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!!!

← Вернуться к списку новостей